ترجمة قتيبة بن مسلم

مقالات البطاقة التعريفية
العنوان: ترجمة قتيبة بن مسلم
اللغة: قرغيزي
تأريخ الإضافة: 2009-02-25
الرابط المختصر: http://IslamHouse.com/193519
:: هذا العنوان مصنف موضوعياً ضمن التصانيف الآتية ::
- هذه البطاقة مترجمة باللغات التالية: قرغيزي
المرفقات ( 1 )
1.
Кутейба ибн Муслим
119.9 KB
فتح: Кутейба ибн Муслим.pdf
نبذة موسعة

Орто Азия элдеринин ислам динин кабыл алышы жънндъ съз кеткенде Кутайба Ибн Муслим деген ысымды эскербей кет эч ммкн эмес. Анткени ,бул адам 710-жылда Согдияна (азыркы Харезм Областы) топурагына эё биринчи болуп кадам изи кылган арабаскербашчысы болуп эсептелет.Кутейба Ибн Муслим 710-жылда Орто Азия чекарасын аттаган болсо, беш жыл аралыгында бул чоё территориядагы бардык падышаларды багындырып,715-жылда Кашкарга чейин барып, Кытай императоруна элчи жибергенге жетишкен. Кытай жана Араб тарыхчыларынын эмгектеринде Кутейба Ибн Муслимдин образы кайраттуу аскербашчы, адилетт бий (башкаруучу), карасанатайлыкты жек къргън ъжър табияттуу жана илим-билимди, ырды жактырган акын киши катары сръттълсъ, советтик орус – еврей тарыхчылары аны ътъ канкор, залым, адилетсиз, зордукчул жана илим-билимдин душманы катары сръттъшкън. Тилекке каршы, биздин Орто Азиялык (ъзбек, кыргыз, тркмън, тажик .ж.б.) тарыхчылар ислам дининин Орто Азияга келип кириши жана таралышы маселесин жарытууда советтик орус-еврей тарыхчыларынын изинен барып, арабтардын дйнъгъ бет алып чыгууларын баскынчылык, таланчылык жоортуулдары катары баалашты. Баалаганда кандай? Жок, алар (биздин тарыхчылар) Кытай же Араб тилиндеги том-том китептерди оригинал булактардан изилдеп, «ийне менен кудук казышкан» жок. Алар болгону, орус тилиндеги жана диалектик материализм рамксынын ичиндеги бурмаланган тарых китептеринен жздъгън цитаталарды келтир менен гана «илим жасап» жршкън. Пайдаланган адабияттарынын тизмесин карасаё бардыгы Абрамзон, Бартольд, Васильев, Вишиневский, Литвинский, Зеймоль, Ремпель, Снесарев сыяктуу атеист аалымдар! Эмне чн биз—мусулман интеллигенциясы ислам тарыхын атеист тарыхчылардан йръншбз керек?! Алар бизге тарых чындыктарын бузуп-бурмалабай жеткиргенине тарыхты материалистик боектор менен кызартып бербегенине ким кепил боло алат?! Эмне чн илимий эмгектердин библиографиясында Табарий, Наршахий, Ибнул Касир, Ибн Халдун сыяктуу араб тарыхчыларынын эмгектери кърнбъйт? Кызыл (атеисттик) булактан «суу ичкен» биздин тарыхчылар ъз эмгектеринде «Орто Азия элдери кылычтын кч менен мусулман болушкан» деп жазышат. Бир тарыхчы эжекебиз ъз китебинде (ал китептин атын атабай эле коеюн) кызыл боекту аябай къбртп, мындай деп жазыптыр:
    «Арабы захватили весь Хорасан, левережную часть Тахаристана проникли глуб Мавераннахра. Если город сопротивлялся, то агрессоры взяв его, казнили мужчин, а женшин и детей уводили с собой…»
«Одним из стимулов завоевательных войн арабов в средней Азии, в том числе и в Согде, было погоня за рабами. Кутейба Ибн Муслим из Хорезма увез 100 тыс. рабов. А согласно договору между Ним и Согдийским царем Гуреком последный выплатил дань 30 тыс рабов-молодых и здоровых мужчин…»
    Эгер биз автордун съзн чын деп ишенсек, Хорезмдин ъзнън гана 130 миё кул жыйнап, Арабияга жиберген болсо, логика боюнча, андан кийин ъзнъ моюн сундурган Самаркан Кеш (Ташкент) Фергана, Аксыдан тартып, Кара-Буура, Турпан, Кашкарга чейинки ондогон падышалыктар, вилаяттардан отуз, кырк миёден кул алып, Арабияга жиберип турганда бир миллионго жакын кул жыйналат экен. Эгер ушул чын болсо, Кутейба Ибн Муслим бир чакан мамлекеттин элинин санындай болгон туркий кулдарды кайга, кимге жиберип, кай жерге орноштурган? Эгер атеист тарыхчылар айткандай Кутейба жз миёдеген кулдарды Арабияга жибергени чын болсо, азыркы кнгъ келип, (арадан он търт кылым ъткъндъ) алардын саны жок дегенде он миллионго жетип калышы керек эмес беле? Кайсы араб ълкъсндъ ушунча тркий улут бар? Жакында Москванын «ОРТ» телеканалынын «Вокруг света» кърсътс Бразилиядагы бир негр провинциясы жънндъ маалымат берди. Кърсъ, алар илгерки кул ээлъъчлк доорунда келип калган жз миёдеген кулдардын тукумдары экен. Ъз алдынча провинция болуп, Африканын бир бълг сыяктуу жашап жатышат. Адам экен, жоголуп, житип кетпептир. Ал эми, Кутейба Ибн Муслимдин жз миёдеп кул ээлеп, Арабияга жиберип турганы чын болсо, азыр Арабиянын бир жеринде кичинекей болсо да трк провинциясы болушу керек эле–го?! Же болбосо,алардын урпактары калышы керек эле-го?! Жанагы китеп автору «мамлюктор-чы» деп ъз съзн (ъз пикирин эмес албетте, анткени пикир аларга «жогору жактан» берилип турган) далилденгенге далбасташы ммкн.

Биринчиден мамлюктарды Аббасид халифтери Кутейба ългъндън соё аскерий кызматка ала баштаган. Экинчиден 1250-жылдан 1516 – жылга чейин Мисирде бийликти ээлеп турган Айбек, Кутуз, Берекетхандардан баштап, эё акыркы мамлюк султаны Туманбайга чейин бардыгы аскер адамдарынан чыккан. Башкача айтканда согуштук туткундар эмес. Демек, Кутейбага мамлюктардын эч бир тиешеси жок. Албетте, биз муну менен Кутейба Ибн Муслим эч качан кул же кызматчы кармаган эмес деген ойду айтуудан алыспыз. Ал мезгилдерде согушта туткунга тшкъндърд кул кылып, олжолоп алуу эл аралык согуштук каада –салт болгон. Биз болгону жогоруда цитата келтирген китептеги «Кутейба жз миёдеген кулдарды Арабияга жиберип турган» деген маалыматтын имам Кутейбанын дарегине айтылган советтик жалаа экенин далилдемекчибиз.

Мусулман дйнъсндъ ысымы урмат менен тилге алынган исламдык дааватчы, аалым, акын жана ишбилги жетекчи Кутейбанын дарегине жанагы китепте дагы тъмъндъгчъ доомат коюлат:

«Он целеустремленно уничтожил книги, писцов, ученных и жрецов храмов огня»
Бул създ окуган окуучу аргасыздан: «ээ, Кутейба келгенде орто Азияда илим –маданият глдъп, илимий китептер жазылып, аалымдар чыгып турган экен да, анан Кутейба келип, бардыгын кууратып кырып салыптыр» деп ойлонушу турган иш.
    Ооба, окуучуну ошондой ойго жетелеш советтик атеист тарыхчылардын милдети болгон. Ал эми, чындык кандай эле?
    Кутейба келген убакытта Орто Азия элдери негизинен «Теёир» деген чоё кдайга, ага кошуп, «Жер-Суу», «Буюрт», «Умай» (Кумайык) ж.б.у.с. майда-чйдъ кудайларга жана арбактарга сыйынган шамандык динди карманганы менен, бул ишенимдеринен къёлдър толбой, тегеректен келген Буддизм, Иудаизм, Христианизм жана Манийлик диндеринен кайсы бирин кабыл алсак экен деп ойлонуп турган кез эле. Бул маселе Трк каганы Билге ханды да ойлонтуп, ал ъзнн вазири жана кайнатасы Тонукък менен масилеттешкенде Тонукък айтат: «Бул дин (Буддизм) адамдарды ътъ жооштукка жана кедейликке гттъйт. Бул дин трктърдн баатыр табиятына дал келбейт. Натыйжада къп сандуу Кытай баскынчыларына туруштук бергенге элдин кудурети жетпей калат»
    Билге хан башчылыгындагы трк журт аталары бардык диндерди таразалап турган ушул мезгилде биздин мекенибизге ислам дини кирип келген жана къпчлк трктър бул динди башкаларынан абзел кърп, ъз каалоолору менен тандап алышкан.
    Демек, Кутейба Ибн Муслим эч кандай китептерди ърттъбъй эле, тетирисинче элдерге китеп (Куран) таалимдерин тынчтык жолу менен йръткън.
    Ал эми атеист тарыхчылар «Кутейба аалымдарды, жазуучуларды жок кылды» дегенде кайсы аалым жазуучуну назарда тутту экен? Тетирисинче, Фарабий, Харезмий, Ибн Сина, Бируни, сыяктуу Орто Азия алламалары дал ушул ислам таалиминин негизинде жетишип чыгышпады беле!
    Атеист тарыхчылары кургуштътп ърдък учура бергендин ордуна, жок дегенде Кутейба «жок кылган» шаман, будда, иудей, христиан аалымдарынан биръъ жарымынын атын атап берсе болмок. Жок! Алардын милдети-стртън жамандоо, тарыхты каралоо жана бузуп-бурмалоо болгон! Ал эми, алардын айткандарын акыйкат катары санап, акыл элегине салбай эле кабыл ала берген биздин кээ бир интелегенция ъклдърнъ да аргасыздан алакан жаясыё.
    Кутейба ибн Муслим элдерге Куран къргъзгъндъй мамиле кылган. Ал эми, Куранда башка диндеги адамдардын ишеним эркиндигин толук камсыздоого ишарат кылынат. «Юнус» сръъснн 99-аятында айтылат: «Эгер Аллах кээ бир адамдарды башкаларынан коргоп турбаганда , «Савма*а», «бия», «салават»жана анда Аллахтын ысымы къп эскериле турган мечиттер бузулуп кетмек»
Аалымдар бул аяттагы «савма*а»ны кечилдердин ибадатканасы «бия*а»ны христиандардын чиркъъс,ал эми «салават»ты еврейлердин синагогасы деп тшндршкън. Кърнп тургандай, бул аятта башка дин ибаадатканалары мечиттен мурун эскерилген. «Мунун мааниси – деп тшндршът ислам аалымдары - Аллах мусулмандарга башка дин ибадатканаларын коргоону милдеттендирген» Мына Ислам дининин башка диндерге жана башка дин аалымдарына мамилеси!
    Кутайбе Ибн Муслим заалым болгон эмес, адил болгон. Тура. Ал жалгыз жаратуучуга сыйынуунун ордуна не пайда, не зыян жеткире албаган отко, кнгъ, бутка, арбактарга сыйынган наадандарды Аллах чн жаман къргън. Бирок бул сезими аны ал элдерге зулум кылууга мажбурлаган эмес. Анткени, Курани Каримдеги: «Бир элди жаман къргънёър силерди аларга карата адилетсиз болууга мажбурлап койбосун!» деген буйрук ар дайым анын эсинде болгон болсо ажеп эмес. (Караёыз:Куран. «Маида» сръъс 8-аят.) Туура. Тарых китептери Кутейба Ибн Муслимдин душманга аесуз болгонун жазышат. Бирок адилет диндин таралышына тоскоол болгон душманга аеосуз болбосо, ислам дини азыр бизге чейин жетип келмек эмес эле. Ошентсе да, Кутайбе жана андан кийинки Хорасан эмирлери исламды жок кылууга баш кътъргън душмандарды аеосуз бастыргандан кийин, диндердин эркин таралышына кеёири жол ачып беришкен. Ошол доордогу диний абал жънндъ тарыхчы Усман Туран мындай жазат:
    «Чыгышта уйгур ханы манохеизм динин мамлекеттик дин даражасына кътърп, башка диндердин эркиндик укугун тааныган болсо , батышта Хазар хандыгы Иудей динин расмий трдъ кабыл алган. Ал эми региондун (Орто Азиянын Ш.А.) жалпы эли болсо ,ыктыярдуу трдъ ислам жана христиан диндерине кирген. Ошол эле учурда шамандык (теёирчилик) дини да эч тоскоолдуксуз улана берген»
(«Тркий элдер дйнътаанымы» 68-бет)

* * *

Биз бул макала менен Кутейба Ибн Муслимдин личностун ыйыкташтырууну максат кылбайбыз. Болгону, анын тарыхий портретине караъзгъй атеист – тарыхчылар жармаштырган жалган-жалаалардан аны коргоп, тарыхий чындыкты ъз ордуна коюууну каалайбыз.
Орто Азия элдеринде «сен мага досуёдун ким экендигин айтсаё, мен сага ъзёдн ким экениёди айтып беремин» деген даанышман макал бар. Мына ушул улуу създн жетекчилигинде биз Кутейба Ибн Муслимдин ъз жънндъ толук маалымат берн бир аз артка жылдырып, азыр анын эки досу жънндъ маалымат беребиз.
    Биринчи досу-бул ошол доордогу мусулмандардын эмири, Ислам халифасы Абдул Малик Ибн Марван. Ал халифалык тактысына отурганда ъз жактырган жана жакшы билген Кутейба Ибн Муслимди Хорасан вилаятына наиб (наместник) кылып дайындады. Анда эмесе, Абдул Малик Ибн Марван кандай адам болгон эле?
    Бул маселе боюнча Мухаммед Ибн Фарид Вуждий жазган «20 –кылым энциклопедиясы» мындай «дейт»:
Абдул Малик Ибн Марван Омайед халифтеринин бири. Толук аты Абдуллах Ибн Марван ибн Хакам Ибн Аас Ибн Умайя Ибн Абдишамс Ибн Абди Манаф Аль Омавий. Абдул Малик такыба ибадатчы болгон. Ибн Сааддын айтышынча, оболу аны мусулмандардын эмири Муавия Мединага эмир кылып дайындаган. Ошондо ал он алты жаш ъспрм жигит эле. Абдул Малик Ибн Марван Усман, Абу Хурайра, Абу Саид, Умму Салама жана Муавия сыяктуу улук адамдардын насааттарын уккан. Ага чейин ислам тарыхында Абдул Малик деген ысым болгон эмес. Абу Занад айтат: «Мединада търт факих (дин аалымы) бар. Алар Саид ибн Мусаяб, Абдул Малик ибн Марван, Урва ибн Зубаир жана Кабиса ибн Зуайб»
    Ибн Умар айткан: «бардык адамдар бала болуп търълшът. Бир гана ибн Марван ата болуп търългън»
    «Ал халифалык тактысына отурганда Иран жана Хорасандын башкы командачысы Хажжаж деген эмирге мындай деп кат жазган»
«Мага жеткен кабарга караганда сен къп кан тъгът экенсиё жана мал –млкт ысырап кылат экенсиё. Мен бул жаман иштерге чыдай албаймын.»
    Абдул Малик ибн Марвандын доорунда анын жеке буйругу менен эё биринчи араб жазуусу бар теёгелер чыгарылган. Илимий эмгектер башка тилдерден арапчага которула баштаган. Ал адамдарды Куран –Сннът ъкмдърн бекем кармоого, адилетт, акыйкатчыл жана илимди сйч болууга чакырган»
(«20-кылым энциклпедиясы») 9 том 386-387-б.б.)
    Атеист тарыхчылар «китептерди ърттъп, аалымдарды кырып салды» деп сръттъгън Кутейба Ибн Муслимди Харасан вилаятына мына ушул Абдул Малик Ибн Марван эмир кылып дайындаган. Бийлик башчылары ъздърнъ наиб-орунбасар (эмир) дайындаган намзаттын (кандидаттын) ъзнъ пикирлеш, санаалаш болгондорун гана тандайт. Бул – саясаттын табияты. Ошонун сыёарындай, Абдул Малик Ибн Марван дагы Мединадагы търт алламанын бири, илимди сйгън адам болгону себепт Харасан жерине къз карашы ъзнъ жакын болгон Кутейба Ибн Муслимди эмир кылып дайындаган.
    Кутейба Ибн муслимдин экинчи досу Абдул Малик Ибн Марвандын уулу жана мураскору, ъзнън кийинки халиф Валид Ибн Абдул Малик эле. Кутейбанын бул досу жънндъ Бейруттан чыгарылган «Аль –Мунжид» энциклопедиясы мындай маалымат берет:
    «Туулган жылы :668. Ългън жылы 715.» Экинчи Омайед халифи. Анын доорунда халифалык империясы глдъгън. Кутейба Ибн Муслим жетекчилигиндеги ислам аскерлери Бухара ,Самаркан, Хорезм. Фергана ълкълърн багынткан. Мухаммед ибн Хасым Индияны, Тарик ибн Азиз Андалузияны (азыркы Испания) ислам мамлекетине кошуп алышкан. Валид ибн Абдул Малик Дамаскдагы Омаейд мечитин, Иерусалимдеги «Аль-Акса» мечитин жана Медина жаамы мечитин реконструксиялаган. Анын доорунда ислам тарыхындагы эё алгачкы ооруканалар курула баштаган.»
    Демек, Валид дагы атасы сыяктуу илимди, прогрессти сйгън адам болуптур. Ошондуктан Кутейба бул ата-балага къп мээрим тъгп сйп, аларга ътъ берилгендик менен кызмат кылган. Ошондуктан 715-жылда Валид Ибн Абдул Малик ълп, бийлик анын иниси Сулаймандын колуна ъткъндъ, Кутайбе ибн Муслим ага кызмат кылуудан баш тарткан. Мунун себеби, ал (Сулайман) атасы жана агасы сыяктуу аалым, даанышман эмес болчу. Сулайман буга ачууланып, желдет жиберип, 715-жылдын аягында Фергана шаарында Кутайбе ибн Муслимди жана анын й-блъсндъг он бир адамды ълтрп жиберет. Кийин Сулайман бул ишине къп бушайман болот. Бул жънндъ араб акыны Жарир:
    «Бир жаралган Кутейбаны ълтрдёър,
    Жаны учуп кеткенден соё ъкндёър .
    Бул дйнълк бушайманыё эч нерсе эмес,
    Акыретте, «аттиё!» деген жаман болоор.»

деп ыр жазган.
    Кутайбе ибн Муслимдин туулган жылы белгисиз. Ошентип толук ысымы Эмир Кутайбе ибн Муслим ибн Умар ибн Хусейн ибн Рабия ибн Халид ибн Усаид Аль-Хайр болгон улук аскербашчы 715-жылда наадан Халиф Сулайман тарабынан ълмгъ буюрулган. Аллах анын акыретин абат кылсын! Биз-орто Азия элдери бизге Ислам Нурун алып келген имам Кутайбе ибн Муслимдин акысына дуба кылып, жакшылык менен эскерип турууга милдеттбз.

موضوعات متعلقة ( 1 )
Go to the Top