الملك العظيم

مقالات البطاقة التعريفية
العنوان: الملك العظيم
اللغة: قرغيزي
نبذة مختصرة: الملك العظيم : ثناء على الله - عز وجل -
تأريخ الإضافة: 2009-02-25
الرابط المختصر: http://IslamHouse.com/193505
:: هذا العنوان مصنف موضوعياً ضمن التصانيف الآتية ::
- هذه البطاقة مترجمة باللغات التالية: قرغيزي
المرفقات ( 1 )
1.
Маликул Азийм – Аллахка мактал!
109.1 KB
فتح: Маликул Азийм – Аллахка мактал!.pdf
نبذة موسعة

 

Чексиз кък…Планеттер..жылдыз Бука*…
Пендени таё калтырган сфералар…
Адамзат акылы жеткис галлактика…
Инсандын илими жеткис системалар…

 

Материк, фауна, флора, континенттер…
Алтыдан бири суусуз Жердин бети…
О, Аллах, Сенде чексиз касиеттер!
О, Аллах, Сенде акылдын керемети!

 

Адамдар учуп жргън учагында
Асман-жер Сенин улуу Кучагыёда!
Сендеги зор Кудурет ченеми жок..
Биздеги талант, жъндъм - малекула.

 

…Пикассо тарткан срът кооз балким,
Колунан келбейт анын салыш жанды.
Бир гана Сенден алат рухту ар ким…
Сен «тарткан» Пикассону кара-жандуу!…
 

Да Винчи-гений,Гете-залкар ойчул.
Бирок ал жъндъмдър бт Сага таандык.
Кимдерди айтпайлы биз дечи койчу…
Баарысы Сен жараткан макулук-жандык.
 

Жаратып кеё боштукка Улуу жашоо
Кынтыксыз келиштирип калыптарын,
Жрч кылдыё дайым ълм кошо.
Турасыё Ъзё кайра алып баарын…
 

Ийиктей чимирилип саййярларыё,
Жолу бар алардын да-бекем сызык.
…Убактылуу Жерге жашоо даярдадыё;
Ак-кара,адал арам чегин сызып…
 

Дарвиндин далилдери жаёылыштуу,
Ишенбейт ага жапжаш балам дагы.
Ойлордон от тутанткан кагылыш бу…
…Ооматы кайтса кыйрайт аалам дагы.

 

Уксачы,Куранды,аттиё, уксачы алар…,
…Жоктон бар нерсе болбойт ъзнън- ъз.
Ар нерсенин жасаган Устасы бар,
Устанын болот максат-къздъгън…
 

Къктъг Ай-мезгилдерге мерчем, анык,
Кнчълк келбейт андан, ысык, жарык.
Ал Айдын анткен менен милдети ошо…
…Милдетин билбеген жан болот гарып.
 

Алыста кандайдыр бир нур жаркырайт…
Жаёылыш жолдо элдер барат самсып…
…Аллахтан ырайым болбой дил жаркыбайт!
Андай жан ътът Нурга болуп таёсык.
 

О,Улуу,теёдеши жок Аалам Ээси!
«Длъй», «кър», «дудук», акмак жандын кээси -
Чангандар деле Сенин макулугуё…
Башка ойлор ороп калган осол мээсин!.
 

Сендеги Улуулукка баары далил;
Асман, кн, жылдыз, ай, жер-биздин турак…
Адамзат болалбайт эч Сага теё-халил,
Кнъъбз башыбыздан ашып турат.
 

Бт жандар Сага муктаж секунд сайын,
Биздеги алсыз кубат кудуретпи?!
Эстетет жазыё, кзё, кышыё, жайыё
Сендеги Улуу, Чексиз Кудуретти!
 

«Тагдырдын ээси мына бизбиз!» дешет,
Жетпеген Сенин Нуруё - караёгылар…
Андайдын ою туман,тили-тезек,
Иман жок дилдеринде караан кылар.
 

Бактысын ктп кээлер бул дйнъдън,
Таалайын издеп жрът алыстарга.
Къп жандар кыянатчыл,калп сйлъгън…
Калышты тебеленип жарыштарда…
 

Техника, илимдерге таянышты,
Бирок ал бак-таалайга жеткирген жок…
Оо, кандай жаёылыш бу, аянычтуу!
Сандырак бир идея эскирген жок!
 

Адашкан атактууну тутунуп пир,
Эчендер ъмрлърн кылышты кор…,
Окумуштуу академик жутунуп бир,
«Адамды жаратам,-дейт,- ичинде тор».
 

Ченемсиз ырыскыны жараткан да,
Ъзёсё ар бир жанга тараткан да.
Адам-кър,акылынан адашат-ов…,
Акчаны сая кууп баратканда!
 

Мезгил да, табият да кулуё Сенин.
Жаралуу, ъл, кырсык…келет Сенден.
Кыймылды берген Рух-Сенин демиё.
Жараттыё денебизди кара-жерден…
 

Дарвиндин далилдери жаёылыштуу,
Ишенбейт ага али жаш балам дагы.
…Тыйылбайт бир башталган кагылыш бу…
Ушундан балким кыйрайт аалам дагы.
 

…Ъкмдар-Ъзё башты ийгизесиё,
Кана ким моюн сунбас? Сундурасыё…
Кулга Сен алтын таажы кийгизесиё…
Паашанын мойнун кулдай жулдурасыё.
 

Жетимдин къздън жашын кургатасыё,
Ыроолоп мансап, байлык, кадыр берип.
Деёизге «Титаниктей» ыргытасыё,
Ъзёд унутканды къъдън керип.
 

Бараткан мусапырды арсар белде,
Максатка зарыктырган жеткиресиё.
Бактына къъп кетсе сокур пенде,
Кара арпа какыр жерге эктиресиё.
 

Перзентин сйсн деген максат менен,
Энеге улуу мээрим тартууладыё.
О, Аллах, Сенин оюё улуу, тереё…
Эсепсиз Сенин бизге тартууларыё!!!
 

Асманды чатыр, Жерди кылып турак,
Пендеёе сансыз нээмат ыроолодуё.
Кызыл Кн Кыяматта жрп сурак…
Соттойсуё. Бергендериё-сыноолоруё.
 

Шериксиз Жалгыздыгыё тбълкт!!!
Кымындай кмънм жок,бул го ачык.
Миё айтам «лаа илааха…» кбълкт.
О, Кудай, Сенден кетем кайда качып…
 

Жан Эгем, Жаратуучум жалгыз Ъзё!
мтм ырыйымыёдан злбъйт эч.
Аллахты тааныйт жандар тааныса ъзн
Тааныбас тааныйт бир кн, болсо да кеч.
 

Океан сыя болуп къктъй челек,
Калемге айланышса дарактар бт,
А Сенин макулуктарыё санала элек
Тгънмък калем, сыя,барактар бт…
 

Эгерде Сенден зор шык ташталганда,
Баарысы адамзаттын акын болуп.
Поэма Сен тууралуу башталганда,
Мухиттин орду калмак какыр болуп…
 

Шуу этпей чимирилип саййярларыё,
Зуулдап учушууда жолу - сызык…
…Убактылуу Жерге жашоо даярдадыё;
Ак-кара,адал – арам чегин сызып.
 

Даанышман,Теёдеши жок Аалам Ээси!
Каарыёды али туйбай жрът кээси…
Чангандар деле Сенин макулугуё…
Осол ой басып алган анын мээсин!.
 

Жараткан кечире кър, жазалаба!
Жакында… келээр Сага сажда кылып,
Жер бетин тыйпыл кылып, «тазалаба»
Келет акыр ыйлап жана сойлоп, жылып!!!
 

…О,Адам,Кыямат кн алыс эмес!!!
«Ал болбойт!» деген адам … калыс эмес!
Бул дйнъ-тозок менен бейишке жол,
Байлык же бийлик топтоо жарышы эмес!
 

О, Адам, Кыямат кн ыраак эмес,
Кн – бизге тбълкт чырак эмес.
Кърнгън нерселердин баары жалган,
Курандан башкалардын бардыгы элес!

Садык Гавай

Go to the Top